12.05.23

Өзбекстан жана Кыргызстан Чүй облусунун Ак-Суу айылында, автоунааларды жана коммерциялык унааларды чогултуу жана өндүрүүчү жаңы заводдун курулушун баштады.

Чүй облусунда, Кыргызстан жана Өзбекстан биргелешип түзгөн “Алтын тулпар унаа курулуш” жаңы заводунун курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө, эки өлкөнүн президенттерине бир тууган эки мамлекеттин ынтымагын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров: “Бүгүнкү күндө, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук жана кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Өз ара иш сапарлар болуп жатат, бул биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү боюнча макулдашуулар менен ырасталган. Мунун далили, бүгүнкү күндө женил автоунааларды жыйноочу жана өндүрүүчү заводдун курулушуна капсуланын салынышы болуп саналат. Бул эки өлкө үчүн стратегиялык маанилүү долбоор”, - деп белгилеп өттү.

Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң унааны түзүп, миңден ашык туруктуу жумуш орундары түзүлөт.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/77269