16.05.23

Кытайлык “Евразия Индустри” компаниясы, Кыргызстанда жаңы электромобиль унаа жыйноочу завод курууну пландоодо. Бул тууралуу, Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Кыргызстандын Экономика министри Данияр Амангелдиев менен “Евразия Индустри”  компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Цзян Юйсян кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Меморандумда ошондой эле өлкөдө электромобилдерди тейлөө боюнча тийиштүү инфраструктураны түзүү, тейлөө борборлору, заряддоо жана аккумуляторлорду алмаштыруу станциялары каралган.

Меморандумдун алкагында “Евразия Индустри”  компаниясы курулушка 150 миллион доллар инвестиция салууну пландап жатат. Завод Бишкек шаарында жайгашып, 500 жумушчу орун түзүлөт. Завод жылына 5000 электромобиль өндүрүүсү күтүлүүдө.

https://economist.kg/novosti/2023/05/16/kitajskaya-kompaniya-planiruet-postroit-v-kr-zavod-po-sborke-elektromobilej-na-150-mln/