06.06.2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июнда Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" компаниясынын директорлор кеңешининин башчысы Шереф Женгиз баштаган өкүлдөрү менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда "кыргыз-түрк ишканасындагы актуалдуу маселелер, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды".

"Ишкана жетекчилиги кыргыз өкмөтүнө компанияга Тереккан, Перевальное алтын кендерин жана Терек алтын-сурьма кенин иштетүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Аталган кендерди иштетүү долбоорунун алкагында Министрлер кабинети менен “Eti Bakir" акционердик коому жана “Эти Бакыр Терексай” компаниясы инвестициялык макулдашууга кол койду. Жолугушуу соңунда тиешелүү мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмалар берилди", - деп жазылган маалыматта.

https://www.azattyk.org/a/32446386.html