10.06.23

“Декна Бишкек Текстиль” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинде болуп, бир катар маселелерди, анын ичинде жаңы текстиль фабрикасынын жабдууларын чек арадан өткөрүү тартибин талкуулашты.

Бул тууралуу, аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Көрүшмөгө Мамлекеттик бажы кызматынын жана Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү чакырылып, инвесторлордун суроолоруна кеңири жооптор берилди. Атап айтканда, Кытайдан кымбат баалуу жабдууларды ташууга байланышкан логистикалык көйгөйлөр талкууланды.

Эскерте кетсек, Кара-Балта шаарында мурдагы килем фабрикасынын базасында, Түркиялык инвесторлор жалпы аянты 53 миң м2 болгон жаңы текстиль фабрикасын ачууда. Бул долбоорду ишке ашыруу менен кошумча 800-1000 жаңы жумушчу орундары түзүлөт.

https://www.vb.kg/doc/430279_v_kara_balte_tyreckie_investory_otkrout_tekstilnyu_fabriky.html