19.12.23

Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов Түркиянын “ERSA Inşaat Proje Turizm San ve Tic A.Ş.” компаниясынын директору Зекерия Эрсин Октем жана “Baktat Zeytin San. Tic. A.Ş.” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Мустафа Дервишоглу менен жолугушту. Бул тууралуу, аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Көрүшмө учурунда, Талантбек Иманов Кыргызстандын инвестициялык абалы тууралуу түркиялык ишкерлерге кеңири маалымат берип, Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырды.

Ал эми түркиялык ишкерлер, Кыргызстандын фармацевтика, энергетика жана тамак-аш өнөр жайы тармактарында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинин негизинде кызматташууга кызыктар экендигин билдиришти.

Жыйындын соңунда, Улуттук ивестиция агенттиги Түркиянын инвесторлоруна бардык тармактарды камтыган инвестициялык долбоорлордун тизмесин сунуштады. Тараптар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, мындан ары биргелешкен иштерди жүргүзүүгө макулдашышты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.

https://economist.kg/novosti/2023/12/19/turietskiie-kompanii-zaintieriesovalis-farmatsievtikoi-enierghietikoi-i-pishchievoi-otrasliu-kyrghyzstana/