Бишкек (АКИpress) - Эл аралык түрк академиясы Кыргызстан, Казакстан, Азербайджан жана Түркиядан келген өкүлдөр менен бирге ЮНЕСКО штаб-квартирасында 30 апрель күнү “"Иденттүүлүктүн жана маданий мурастарын кайра жаралуусу: өткөндөн келечекти карай түркий тили” темасында форум уютурушту.


Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин пресс кызматынын маалымдоолору боюнча, форумдун катышуучуларына саламдоочуу каттары Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков, Кызыкстан президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайджан президенти Ильхам Алиев тарабынан жиберилген.
Президент С. Жээнбековдун салам катын Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү А.Исаев окуп берди.  Катта  Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын түркий маданиятынын мурасы үчүн жана 2018 – жылдын Октябрьдын башында Кыргыз Республикасында III Эл аралык Ысык-Көлдө “Чынгыз Айтматов жана азыркы замандын чакырыгы” темасына арналган интеллектуалдар форумунун өткөрүлүүсүнүн мааниси белгиленген. Мындан тышкары форумда Эл аралык түркий академиясынын профессору Кадырали Конкобаев сүйлөп чыкты жана Осмонакун Ибраимовдун “Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” аттуу китебин тартуулады.