11.02.24

Түркиялык “Battal Holding” компаниясы, Бишкек шаарында фармацевтикалык завод курууну пландоодо.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары учурунда белгилүү болду. Кыргызстандын өкмөтү Түркиялык инвесторлорго жер берүүгө даяр экенин билдирди.

Түрк компаниясынын өкүлдөрү министлер кабинетинин башчысы менен жолугушууда билдиришкендей, алар Кыргызстанда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселесин карап жатышат. Тактап айтканда, алар Кыргызстанга дары-дармек чыгаруучу завод ачып, андан кийин өз продукцияларын  коңшу өлкөлөргө экспорттоону пландаштырууда.

Акылбек Жапаров ар тараптуу кызматташууга кызыктар экенин, анын ичинде Бишкекте завод курууга жер бөлүп берүү, салык жана электр энергиясы боюнча жеңилдиктерди бериле тургандыгын билдирди. Ал ошондой эле компаниянын жетекчилигин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстандын Улуттук инвестициялык агенттиги “Battal Holding” компаниясы менен өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

https://economist.kg/ekonomika/2024/02/11/turietskaia-battal-holding-namieriena-postroit-farmatsievtichieskii-zavod-v-bishkiekie-2/