12.02.24

Анкарада 9-февраль күнү өткөн Кыргыз-Түрк бизнес-форумуна Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы-Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Түркиянын Палаталар жана Биржалар ассоциациясынын президенти Рифат Хисаржиколу жана эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолугушуунун негизги максаттарынын бири эки өлкөнүн ишкерлери үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана ата мекендик товарларды тоскоолдуксуз экспорттоо маселелери талкууланды. Мамлекеттик деңгээлде соода тармагын өркүндөтүүнү колдоо үчүн ийгиликтүү келишимдерди түзүүгө жетишкен бир катар тармактар аталды.

Түркия Кыргызстандын Экономика жана соода министрлигинин Түркиядагы өкүлчүлүгүнө ишеним билдирип, Кыргызстандан 400 тонна жаңгак экспорттоо келишимине кол койду. Түзүлгөн келишимге ылайык, жаңгактын биринчи партиясы Кыргызстандан Түркияга 15-февралда жөнөтүлөт.

https://www.tazabek.kg/news:2064426?from=portal&place=last