14.02.24

“Кыргызcтан-Түркия” өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында, эки өлкөнүн ортосундагы “Эл аралык автожол каттамы жөнүндө” келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу, Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Протокол Кыргызстандын жана Түркиянын автотранспортчуларына бир катар жеңилдиктерди алуусу каралган. Тактап айтканда, алар эл аралык уруксат бланктарын албай эле эки тараптуу жана транзиттик жүк ташууларды жүргүзө алышат.

Министрликтин басма сөз маалымат кызматы тараткан маалыматта: “Документ эки өлкөнүн ортосундагы соода алаканы кыйла жөнөкөйлөтүп, экономиканын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот”, - деп айтылат.