18.02.24

Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрь айларында 15,7 миллард долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти өзүнүн сайтында жарыялады.

2022-жылга салыштырмалуу, Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 29,9% пайызга өстү, ал эми жалпы соода жүгүртүү 12 миллиард долларды түздү. Башкармалыктын маалыматы боюнча, экспорт 3,3 миллиард долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 46,8%  пайызга өскөн. Импорттук келип түшүүлөр 2022-жылга салыштырмалуу 26% пайызга  өсүп, 12,4 миллиард долларды түздү.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүнүн негизги көлөмү 4,3 миллиард долларды же өлкөнүн жалпы соода жүгүртүүсүнүн 27,8% пайызын түздү. Калган 11,3 миллирд доллар же жалпы соода жүгүртүүнүн 72,2% пайызы ЕАЭБ кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн келген.

https://www.tazabek.kg/news:2067098?from=tazabek&place=last-list