20.02.24

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 19-февралда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин 2023-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевдин айтымында, 2023-жылы, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин ишмердүүлүгү, мамилелердин бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Руслан Казакбаев: “Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында 2022-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 30% пайызга өскөнүн белгилей кетүү керек. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 1 миллиард 340 миллион  долларын түздү”, - деп белгилеп өттү.

https://www.tazabek.kg/news:2067930?from=portal&place=last