14.04.24

Кыргызстан жана Азербайжан стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты. Бул тууралуу 11-апрелде "Биринчи радионун" эфиринде Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев билдирди. Ал Кыргызстан жана Азербайжандын аймагы аркылуу өткөн соода маршруттарынын алкагында, Азия жана Европа ортосундагы транспорттук каттамдарды жөнгө салуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кайрат Осмоналиев: “Биздин бирдиктүү чек арабыз  жок экенин эске алып, эгер түштүк тарабынан Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран аркылуу болсо, Азербайжанга кургактык менен кирүү үчүн Казакстан, Россия аркылуу өтүшүбүз керек. Эгер кыска маршрут тандай турган болмок, Каспий аркылуу паром каттамы менен жетүүгө болот. Бул Казакстан жана Түркмөнстан аркылуу”, - деп белгилеп өттү. Элчи учурдагы логистика аймактагы соода-экономикалык процесстердин азыркы муктаждыктарына жооп бербей турганын белгилеп өттү.

Элчи: “Орто коридорду өнүктүрүү маселеси активдүү талкууланууда. Башкача айтканда,  Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү аркылуу өткөн эски Жибек жолунун кайра жаралуусу”, - деп билдирди. Кайрат Осмоналиевдин айтымында, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Европа” каттамын камтыган транспорт коридорун өнүктүрүү керек. Ошондой эле Бакунун Грузия менен темир жол байланышы бар. Грузиядан Европага, Түркияга барса болот деп кошумчалап өттү.

https://www.tazabek.kg/news:2090338?from=portal&place=last