09.04.24

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Бишкекке Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу үчүн келди.

Тараптар эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жана өз ара иштешүүнү жакшыртууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 миллиард долларга жетиши мүмкүн деген оптимисттик божомолун айтты.

Өткөн жылы жалпы соода жүгүртүү 1 миллиард 317 миллион долларды түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 11,6% пайызга өскөн. Экспорт былтыр 455,7 миллион доллар болсо, импорт 862,2 миллион долларды түзгөн. Ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга 18-19-апрелде боло турган сапарына даярдыктар талкууланды.

https://centralasia.news/27892-kirgizija-i-kazahstan-namereny-ukrepljat-jekonomicheskoe-sotrudnichestvo.html