27.04.24

Азербайжан Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүүчү болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, мамлекеттик иш сапардын алкагында, Гейдар Алиев атындагы “Баку” мунай заводунун (SOCAR) жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп, анда тараптар Кыргызстанга Азербайжандан мунай продуктуларын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев: “Азербайжан мунай продуктуларын эң ири экспорттоочу өлкөлөрдүн бири. Жакында Кыргызстанда «Жунда» мунай иштетүүчү заводу да иштей баштайт, ага болгон керектөө жылына 1 миллион тонна мунайды түзөт. Буга байланыштуу, Азербайжандын мамлекеттик ири “SOCAR” мунай  компаниясынын жетекчилиги менен Кыргызстанга мунай жеткирүү маселелери талкууланды. Өз кезегинде, алар кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Учурда логистика маселесинин үстүндө иштеп жатабыз”, - деп белгилеп өттү.

https://economist.kg/all/2024/04/27/azierbaidzhan-mozhiet-stat-postavshchikom-nieftieproduktov-v-kyrghyzstan/