13.05.24

Түркиялык компания “Akplas Plastik San. Ve Tic. А.С.” ушул жайда Кыргызстанда тамчылатып жана жаадырып сугаруу үчүн жабдууларды чыгаруучу заводдун курулушун баштайт. Бул тууралуу, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Инвестициялык келишимден кийинки биринчи этапта, компания заводдун курулушуна 10 миллион доллар жумшайт. Курулуш иштери аяктап, ишкана сегиз айдын ичинде пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө. Завод куруу үчүн 10 гектар жер талап кылынат.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев тамчылатып сугаруу системасы өлкөнүн бардык райондорунда ишке ашырыларын белгиледи. Аталган долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, ага улуттук статус ыйгарылат.

Өз кезегинде ишкананын жетекчиси Хусейн Акин мамлекеттин колдоосу менен ишкана кыска мөөнөттө жыйынтык көрсөтөөрүн айтып, дыйкандар үчүн окууларды өткөрүү планы бар экендигин  да билдирди.

https://economist.kg/agriculture/2024/05/13/turietskaia-kompaniia-nachniet-stroit-v-kr-zavod-po-proizvodstvu-oborudovaniia-dlia-kapielnogho-oroshieniia/