21.05.24

Анкара шаарында, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Түркиядагы соода өкүлү Чынгыз Токтобеков Анкара шаардык мэриясынын карамагында болгон “PORTAŞ Proje Inşaat Asfalt Sanayi ve Ticaret A.S.” курулуш компаниясынын төрагасы Иса Эсероглу менен жолугушуу болуп өттү.

Көрүшмө учурунда, Анкаранын асфальтка болгон муктаждыгынын көпчүлүк бөлүгүн өндүргөн жана массалык турак-жай куруу иштерин аткарган “Portaş” компаниясы менен Кыргызстан жана Түркия ортосундагы эки тараптуу “Асфальтты өндүрүү жана туура колдонуу” темасы алкагында сүйлөшүү жүргүзүлдү.   

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн негизинде, “Portaş” компаниясы жана “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы ортосунда тажрыйба алмашуу программасын уюштуруу сунушталды. Бул сунушту И. Эсероглу туура кабыл алып, алар да Кыргызстан менен иштешүүгө кызыктар экендигин билдирди. 

Жогорудагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстан “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасы тарабынан уюштурулган делегация, Түркияга келип асфальтты өндүрүү жана туура колдонуу боюнча жаңы технологиялар менен таанышып тажрыйба алышат.  

https://mineconom.gov.kg/ru/post/10293