24.05.24

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров эки мамлекет башчылары белгилеген максаттарга жетүү үчүн өлкөлөр ортосундагы инвестициялык жана башка долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу үчүн максималдуу күч-аракет жумшоо зарылдыгын белгиледи.

Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов эки тараптуу мамилелерде соода-экономикалык вектордун маанилүүлүгүн белгилеп келип: “Биз бул позитивдүү импульсту сактап, мамлекет башчылары койгон жаңы максатка жетүү үчүн ишти активдештирүүгө тийишпиз, товар жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү биздин максатыбыз”, - деп белгилеп өттү.

Жолугушуунун соңунда, Акылбек Жапаров Олжас Бектеновду 2024-жылдын 10-11-июнь күндөрү Вена шаарында өтө турган Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумга катышууга чакырды.

https://economist.kg/ekonomika/2024/05/24/kyrghyzstan-i-kazakhstan-prodolzhat-rabotat-nad-doviedieniiem-tovarooborota-do-3-mlrd/