23.09.24
Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча саммити 2024-жылдын 9-10-октябрында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу, Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарага Түрк мамлекеттеринин, Борбор Азиянын жана дүйнөлүк жасалма интелекттин (ИИ) алдыңкы эксперттери, мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү, ишкерлер, окумуштуулар жана IT-коомчулугунун өкүлдөрү катышат.
Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышат. Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу өлкө статусуна ээ.
Саммиттин негизги максаттары, түрк дүйнөсүндө интеллектти өнүктүрүүнүн стратегияларын иштеп чыгуу болуп эсептелет. Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрүндө технологиялык прогресске көмөк көрсөтүү, түрк тилдерин сактап калуу үчүн жасалма интелект (ИИ) колдонуу, экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты чыңдоо, жасалма интелект (ИИ) долбоорлоруна инвестиция тартуу кирет. Мындан тышкары, катышуучулар эксперттер менен жолугушууга, акыркы тенденциялар менен таанышууга жана мындан аркы кызматташуу үчүн өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.