23.09.24
Бишкекте Кыргызстандын жана Венгрия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Петер Сияртонун төрагалыгы алдында “Кыргызстан-Венгрия” стратегиялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар “Кыргызстан-Венгрия” өнүктүрүү фондунун жана эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн карап чыгышты.
Өзгөчө көңүл, Кыргызстанда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле “жашыл” долбоорлорго, айыл чарба тармагына жана транспортко венгриялык инвестицияларды тартууга бурулду.