Кыргызстанга Өзбекстандын Улуттук Банкынын өкүлчүлүгүнүн орун басары Ильхом Нуркулов келди. Бул жөнүндө НБ КРда кабарлашты.

 Иш-сапардын максаты – тажрыйба менен алмашуу болуп эсептелет. Иш-сапар  эки тараптык Улуттук Банктардын төрөагалары  Толкунбек Абдыгулов менен  Мамаризо Нурмуратовдун жолугушууларынын жыйынтыгында келген келишимдердин натыйжасында орундалды.  Визит учурунда, акча-кредиттик саясат, финансылык статистиканын, накталай акчанын жүрүшүн жана финансылык кызматтын керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо маселелерин талкуулашат. Эки тарап калктын финансылык сабаттуулугун  жогоруулатуу боюнча жана кредиттик бюронун иш- аракеттерин жөнгө салуу боюнча  ой-пикирлери менен алмашышат.
2017-жылдын сентябрь айында Өзбекстандын Улуттук Банкы улуттук акча бирдигин  дээрлик эки эсеге деваливация кылган.  Азыр болсо сумдун наркы рыноктык болуп калды. Бул өлкөнүн көз карандысыздыгына жеткенден кийин биринчи жолу болду.