24.09.24
Бишкек шаарынын “Манас” эл аралык аэропортунда 24-сентябрда, Кыргызстандын туристтик потенциалын таанытуу максатында келген, белгилүү Түркиялык блогерлер менен салтанаттуу жолугушуу иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, популярдуу блогерлердин миллиондогон катталуучулары бар. Алар 24-27-сентябрь күндөрү, Кыргызстандын табигый жана маданий кооз жерлери жана ошондой эле кыргыз элинин жылуу меймандостугу менен таанышат.
“Манас” эл аралык аэропортунун төрагасы Манасбек Самидинов: “Блогерлер Түркияга Кыргызстандын эң жакшы жактарын көрсөтүшөт. Биздин кайталангыс жаратылышыбызды, маданиятыбызды жана меймандостугубузду, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана өлкөбүздү дүйнөгө ачууга жардам беришет”, - деп белгилеп өттү.