Кытай Кыргызстанга 600 миллион юан кайтарымсыз каражат берүүгө ниеттенүүдө. Бул боюнча  Экономика минстри  Олег Панкратов бүгүн журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, акча жолдорду курууга жана Кытайга товарларды экспортоо үчүн лабораторияларды курууга жумшалат. Мындан тышкары, ал каражаттардын бир бөлүгүн археологиялык казуулар үчүн арналган.

"КР Президентинин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында темир жол жана электромобил машиналарын куруу боюнча талкуулар болду. Эгерде биз ушул келишимдерди иш жүзүнө ашыра алсак анда биз үчүн чоң прогресс болот”- деп билдирди Олег Панкратов.  Ал кошумча иретинде Кытайдан келген инвестициянын көлөмү 10 пайызга төмөндөп кеткенин белгилеп өттү. Соода жүгүртүүнүн көлөмү $ 1,6 млрд түздү. Экспортолгон товар  $100 миллион доллар, ал эми калганы Кытайдан келген  импорт түзөт. Кытай лидеринин билдирүүсүнө караганда ички рынокто муктаждык пайда болгондугуна байланыштуу кыргыз товарларына кытай базарына жол берерин билдирген.