- Подробности
10.12.19
Түркмөнстандын Түркменбашы шаарына "КАМАЗ" компаниясынын кезектеги 110 даана жүк ташуучу унаалары алынып келгендигин “Түркмөнстан: алтын кылым” маалымат сайты жазып чыкты.
- Подробности
09.12.19
Өзбек телеграф агенттигинин (УзТАГ) маалыматына ылайык, 2019-жылы Өзбекстанга $20,7 миллиард өлчөмүндө инвестиция тартылган.
- Подробности
09.12.19
Евро биримдиктин (ЕБ) Тажикстандагы элчиси Мэрилин Йосефсон жана Германиянын Өнүктүрүү банкынын (KfW) Душанбе шаарындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Андреас Шнайдер, өткөн аптада Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу областына караштуу, Рошткалин районунда “Себзор” ГЭСинин курулушун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюшту.
- Подробности
06.12.19
Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Юе Бинь мырза 6-декабрь күнү журналистерге маек берип жатып: “Кыргызстан жана Кытай географиялык жактан коңшу өлкө жана алардын өнүгүүдөгү кызыкчылыктары бирдей” - деп билдирди.
- Подробности
06.12.19
Казакстандын Энергетика министринин орун басары Асет Магауловдун айтымында, январь-ноябрь айлары аралыгында өлкө 65 миллион тонна нефтини сырттка экспорттогон.
- Подробности
05.12.19
Түркмөнстандын Энергетика министрлиги жана Өзбекстандын Энергетика министрлиги ортосунда электр энергиясын сатуу боюнча келишимге кол коюлган болучу.
- Подробности
05.12.19
Тажикстан келерки жылы $402,2 миллион долларга бааланган алюминийди (иштетилбеген түрүн) чет өлкөлөргө сатууну көздөөдө. Мындан тышкары, глинозем (алюминийдин дагы бир түрү) $360,8 миллион долларга сырттан сатып алууну болжолдоодо.
- Подробности
02.12.19
Кыргызстандын 2019-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү $660,1 миллион долларды түздү. Ал өткөн жылга караганда 17,7% пайызга көбөйгөн.
- Подробности
04.12.19
Казакстан жана Польша ортосунда жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу, Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан Kazpravda.kz агенттигине билдиришкен.
- Подробности
02.12.19
Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында япониялык “H. I. S. Holdings” туристтик компаниясы 2020-жылы япон архитектуралык стилинде мейманканаларды курууну пландаштырууда. Мындан тышкары, компания туристтердин агымынын өсүшүн камсыз кылуу максатында, Өзбекстанда өкүлчүлүгүн ачууну каалайт. Бул тууралуу, Centralasia.news агенттигинин кабарчысына, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.