- Подробности
18.11.20
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев 17 - ноябрь күнү, Пакистандын Гвадар шаарында болуп өткөн “Kытай-Пакистан экономикалык коридору - Борбор Азия өлкөлөрүнүн ишкердик мүмкүнчүлүктөрү” – деп аталган саммитке катышты. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
- Подробности
18.11.20
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жүктүн экинчи партиясы жеткирилди. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
16.11.20
Казакстандын автоунаа өндүрүүчүлөрү 2020-жылдын башынан бери 61,796 даана автомобиль өндүрүшкөн. Бул тууралуу, Казакстандын “Казакстан автобизнес ассоциациясы (АКАБ)” уюмунун маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
17.11.20
Өзбекстан Кыргызстанга тез курулуучу 2 көчмө оорукана салып берет. Бул тууралуу, “Кабар” агенттиги өткөргөн маалымат жыйынында, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
- Подробности
17.11.20
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 16 -ноябрь күнү, коронавирус менен күрөшүүгө арналган жыйында, өлкөдө Россиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө турган завод куруу пландалып жатканын билдирди.
- Подробности
14.11.20
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ахал облусунун Гөкдепин районуна караштуу, Ызгант айылында жаңы ачылып жаткан инфекциялык оорукананын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу, 14-ноябрь күнү “Turkmenportal” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
15.11.20
Кыргызстанга 15-ноябрь күнү Өзбекстандан коронавируска каршы күрөшүү боюнча медициналык каражаттардан турган жардам келип түштү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
- Подробности
14.11.20
Өзбекстан сырттан телевизор импорттоп алууну кыскартып, тескерисинче экспорт көлөмүн көбөйтүүнүн аракетин жасоодо. Башка өлкөлөр арасында, Кыргызстанга дагы Өзбекстанда өндүрүлгөн телевизордун экспортунун көлөмү артып жаткан учуру. Бул тууралуу, “Podrobno.uz” маалымат агенттиги билдирди.
- Подробности
13.11.20
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Түркияга болгон иш сапарынын алкагында, Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
11.11.20
Азия өнүктүрүү банкы (АӨН) Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө жайгашкан темир жолун модернизациялоону аягына чыгаруу үчүн $ 121 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу, банктын маалымат кызматы билдирди.