Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) жана Өзбекстандын өкмөтү 2018-2021 жылдарга карата баасы $ 1,3 млрд доллар түзгөн жаңы өнөктөштүк стратегиясына кол коюшту. Бул тууралуу ИӨБ нун президенти Бандар-Хаджар билдирди.

"Бүгүнкү күндө биз өкмөт менен баасы $ 1,3 млрд каражатын түзгөн өнөктөштүк

стратегиясына кол койдук. Бул сумма ар түрдүү тармактарга бөлүнөт: транспорт, энергетика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы", - деп Хаджар журналисттерге билдирди.

ИӨБнун башчысы өлкөнүн президентти жана өкмөттү тандап алган реформаларын банк колдоого аларын белгиледи. "Биз Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан көтөрүлүп жаткан демилгелерге катышканыбыз үчүн кубанычтабыз" - деп кошумчалады ал.

Өзбекстан ИӨБге 2003-жылдын 3-сентябрында толук ыйгарымдуу мүчөсү болуп кирген. Республиканын салымдар боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ИӨБ менен кызматташкан мезгил ичинде 926 миллион долларлык 17 долбоор ишке ашырылган. Дагы ишке ашырыла турган $ 1 млрд. долларлык 9 долбоор бар.