Ташкент.

24-сентябрында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын (парламентинин) төрагасы Бинали Йылдырым жетектеген парламенттик делегация расмий иш сапары менен Ташкентке келди.

Делегация Өзбекстанда Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы (парламенттин жогорку палатасы), Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Президентинин пресс-кызматы билдирди

Закон чыгаруу палатасынын төрөагасы Нурдинжон Исмоилов ардактуу конокторду тосуп атып: мындай жолугушуулар Өзбекстан-Түркия мамилелеринин жаңы баскычка чыгуусу үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. Өзгөчө эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык мамилелердин активдүү болуусуна негизги себепчи болуп саналат деп билдирди.

Ошол эле учурда, жогорку конокторго парламенттин төмөнкү палатасынын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү жөнүндө толук маалыматтар берилди. Ошондой эле фракциялар жана комитеттериндеги иш ыкмалары, эреже кабыл алуу ыкмалары, парламентаризм жаатындагы жетишкендиктери көргөзүлдү.

Өткөн жылы 25-26-октябрда Өзбекстан Республикасынын Президентинин Түркияга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Межлисинин жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ортосунда эки өлкө аралык мемарандумга кол коюлган. Анын алкагында парламенттер аралык кызматташуу чегинде тажрыйба алмашуу иш сапарлары жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү аркылуу укуктук базаны бекемдөө каралган.

Жыйынында белгилегендей, өзбек-түрк кызматташтыгынын негизги юридикалык базасы, Өзбекстан жана Түркия ортосундагы түбөлүк достук жана ошондой эле соода-экономикалык, транспорт, туризм, маданият, ошондой эле тероризм, наркомания жана ооруулары каршы күрөшүү сыяктуу багыттар боюнча бир катар тиешелүү 109 документке кол коюлду. Алардын ичинен, 61 эл аралык жана өкмөттөр аралык документтер, 23 – ведомстволор аралык 25 - башка багытар (кызматташтык маданий борборлордун, окуу жайлары үчүн тийиштүү).

Эки тараптын пикирлери боюнча эки өлкөнүн парламенттер ортосундагы кызматташуу активдүү жана натыйжалуу. Парламенттик делегациялар өз ара бир нече жолу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуудан кийин, иш-чаралардын планына кол коюшту - 2018-жылга эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча "Жол картасы" картасы кабыл алынды.

 

https://www.uzdaily.uz/articles-id-39558.htm