1-Октябрда Дели шаарында өткөн саммит (жогорку даражадагы) сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кол коюлган документтердин алмашуу аземи болуп өттү.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Индияга болгон расмий иш сапары учурунда  эки тараптуу 20 документке кол коюлду.

Илимий-техникалык кызматташуу, саламаттык сактоо жана медициналык илим, дары-дармек, айыл чарба, туризм, аскердик, билим берүү, адилеттүүлүк, тынчтык максатындагы космостук изилдөөлөр жана башка тармактарда  кызматашуу боюнча кол коюлду. Мындан тышкары, өз ара кызматташуу тууралуу макулдашууларга Анжиян облусунун жана Гуджарат штатынын, Самарканд жана Агра шаарлары ортосунда келишимдер түзүлдү.

 Тар курамдагы сүйлөшүүлөр учурунда, Мирзиёев, Индиянын алдынкы орунду ээлеген тармактарынан болгон инновация, жогорку технология, программалоо, саламаттыкты сактоо тармактарындагы тажрыйба жана технологиясынын, Өзбекстан үчүн маанилүү болгонун белгилеп өттү.

"Өзбекстан Индия менен өз ара мамилелерде артыкчылыктуу маани берет жана өткөрүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара кызыкдар экендигин ырастады"- деп билдирди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле, тараптар Өзбек-Индия соода жүгүртүүсү жакын арада $1 млрд  чейин жеткизүүгө макул экендигин билдиришти. Белгилей кетсек, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 327 млн долларды түзгөн.

 

            Индия, Өзбекстан Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган биринчи өлкөлөрдүн бири болуп саналат (26-декабрь, 1991-жыл). 1992-жылы 18-Мартта Ташкентте дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча протоколго кол коюлган, ошол эле жылдын сентябрь айында Дели шаарында Өзбекстан консулдугу ачылып, 1994-жылы Өзбекстан Республикасынын элчилиги болуп өзгөртүлгөн.

Ташкентте 1988-жылы ( СССР мезгилинде) августь айында ачылган Индиянын Башкы консулдугу 1992-жылы элчиликке айландырылган.  1991-жылы Өзбекстан эгемендүүлүгүн  алгандан бери өлкөгө Индиянын төрт жогорку деңгээлдеги делегациясы келишкен.

            Ошентип 1993-жылдын 23-25-майында Индиянын өкмөт башчысы Нарасимха Раонун, өкмөт башчы Манмохан Сингх 2006-жылдын 25-26-апрелде жана 2015-жылдын 6-7-июлунда келген эле.  Ал эми Нарендра Модинин иш сапары  2016-жылдын 23-24-июнда Өзбекстанда болгон Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуунун алкагында болгон.

            Өзбекстанга келсек, Мирзиёевдин бул сапарына чейин Ислам Каримовдун Индия Республикасына беш расмий иш сапары болгон: 1991-жылдын 17-19-августунда, 1994-жылдын 4-6-декабрында, 2000-жылдын 1-3-майында, 2005-жылдын 4-6-апрель жана 2011-жыл 17-18-май айында болуп өткөн.

https://regnum.ru/news/2492238.html