03.10.2018  

Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмираттары $ 1 млрд долларга чет өлкөлүк түз инвестициялардын биргелешкен фондуну курушту.

3-Октябрь Ташкент шаарында Өзбек-Эмират бизнес-форуму алкагында макулдашууга кол коюлган. Фонд Өзбекстандын экономикасынын ар түрдүү тармактары боюнча пайдалуу долбоорлорду каржылоого багытталган.

Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сухроб Холмуродов, иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө жакын арада $ 3 млрд ашык келишимге кол коюу пландаштырылууда болгонун белгилей кетти.

"Бул башталышы гана, чеги эмес.  Биздин ишкерлер (бизнесмендер) бул сумманы бир кыйла көбөйтө алышар деп үмүттөнөбүз. Биз бирбирибизге абдан пайдалуу болушубуз мүмкүн. Башкача айтканда, экономикалык кызматташтык өнүктүрүү, өзгөчө салым жана соода жагынан көмөк көрсөтүү, Өзбекстан үчүн артыкчылык болуп саналат. Эки өлкөнүн экономикаларынын чоң мүмкүнчүлүктөрүнө  карабастан, алар толугу менен колдонулбайт. Биздин туруктуу жана стабилдүү өсүштү камсыз кылуу, өз ара мамилелерди өбөлгөлөө сыяктуу жоопкерчиликтерибиз биз бар”,  – деп баса белгиледи.

Өзбекстан менен БАЭ ортосундагы соода-сатык көлөмү 2017-жылы (экспорт - 42,6 млн, импорт - 67,3 млн) 110,3 млн долларды түздү. Азыркы учурда, Өзбекстанда Эмираттардын салымдарынын катышуусу менен 92 ишкана бар, алардын ичинен 36сы 100 пайыз эмираттык капитал менен курулган.

https://kun.uz/ru/news/2018/10/03/uzbekistan-i-oae-sozdali-sovmestnyj-investicionnyj-fond-na-1-mlrd