25.09.19

Өзбекстандын Бухара облусунун Гиждуван районунда «Lioaning Lide» аттуу кытайлык корпорация  менен биргеликте шамалдан энергия алуучу электростанция курулмакчы.

22-сентябрь күнү, электростанция курулуучу жерге шамалдын күчүн аныктоочу атайы даярдалган жабдык орнотулганын жергиликтүү “Uzreport” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Долбоордун жалпы суммасы $1,8 миллиард доллар акча каражатын түзөт. Электростанция курулуп бүткөндөн кийин, анын кубаттуулугу 1,5 мегаватт саат электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот. Курулуш иштери үчүн жергиликтүү акимият 6 миң гектар жер аянтын бөлүп берген. Долбоорду үч этап менен ишке ашыруу пландалган. Биринчи этабында, кубаттуулугу 200 мегаватт саат электр энергиясын иштеп чыгууга жөндөмдүү  болгон электростанция куруу пландалган. Ал  үчүн  240 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты түз инвестиция тартуу аркылуу ишке ашырылмакчы. 

 «Lioaning Lide» корпорациясынын президенти  Чжан Юлиан мырзанын айтымында, анын компаниясы, Өзбекстандагы табияттан энергия алуу тармагында, эң ири деп эсептелген  долбоорлорду ишке ашырууга баардык күч аракеттерин жумшайт. Бул максатта эң алдынкы деп эсептелген, эл аралык тажрыйбаларды жана акыркы үлгүдөгү технологияларды колдонушмакчы.

https://www.gazeta.uz/ru/2019/09/24/wind-power/