19.12.19

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 19-декабрь күнү, Япониянын Токио шаарындагы “Акасака” резиденциясында Япония Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) президенти Синичи Китаоку мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Шавкат Мирзиёев, Өзбекстанда иштеп жаткан Япония Эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) реформаларды колдоого жана мамлекеттик программаларды алдыга жылдырууга багытталган иш-чараларга көп жылдан бери жардам берип келе жаткандыгы  үчүн ыраазычылык билдирди.

Көрүшмө учурунда, Өзбекстанда чакан жана орто бизнестин долбоорлорун колдоого, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташууну  кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Өзбекстан менен JICA ортосунда кызматташтыктын ар бир долбоорун өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында “жол картасын” иштеп чыгуу тууралуу эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары, жогорудагы жолугушуунун жыйынтыгы менен кызматташуунун жаңы узак мөөнөттүү программасы макулдашылды. Баасы 3,5 миллиард доллардан ашык суммага бааланган энергетика, өнөр жай, айыл чарбасын модернизациялоо, инфраструктура, экология, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарга тиешелүү долбоорлор  болуп эсептелет.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө чейин эки өлкөнүн биргелешип ишке ашырып жаткан долбоорлорунун жалпы суммасы  4 миллиард доллардан ашык каражатты түзүп келген.

https://ca-news.org/news:1586438