CA-NEWS (UZ) - УзА, Ташкентте, 28-ноябрда “Убакыттын кесилиши: байыркы улуу мурас - жаркын келечектин пайдубалы” аттуу эл аралык медиа форум башталган.

Россия Федерациясынын Илимдер академиясынын чыгыш кол жазмалар институтунда жана Франция Улуттук китепканасында сакталган, колго жазылган көчүрмөлөрдүн нускасынын өткөрүлүп берилиши иш чаранын маанилүү окуясы болду. Ал копиялар “Катта Лангардан Куран”, “Миражнамэ”, “Темирдин мыйзамдары”, “Раузат-ас-Сафа” (Тазалыктын бакчасы). Агенттик, алтын кошуулары менен жасалган кагаздардагы көчүрмөлөрдүн түп нускаларына өттө окшоштугун жана аларды баштапкы басма табактан айырмалоо кыйын болоорун белгиледи.

"Бул иштер чыгыш ренессансынын баа жеткис үлгүлөрү болуп саналат”, - деди, Өзбекстан илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун илимий кызматкери  Комилжон Рахимов. “"Катта Лангардан Куран" VIII кылымдын аягында, куфи-хижози жазуулары менен калтырылган. “Диван Султан Хусейн Байкар” династиясынын өкүлү Темурид Хусейн Байкардын китеби чебер миниатюралар менен кооздолгон. Тарыхчы Мирхондтун “Раузат-ас-Сафа” китебинде чыгыш династияларынын тарыхын башкарган пайгамбарлар тууралуу айтылат”.

Форум Республиканын Электрондук ЖМКлардын улуттук бирикмеси (ЭЖМКУБ) тарабынан уюштурулган. Ал иш чарада болжолдуу дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн келген, 200гө жакын жергиликтүү жана чет өлкөлүк окумуштуулар, эксперттер, дипломаттар, ЖМКлардын өкүлдөрү катышты.