02.04.20
Өзбекстандын “Бухара” мунайды кайра иштетүүчү заводу "Евро-5" стандартындагы дизелдик күйүүчү майын чыгара баштады. Бул тууралуу, Өзбекстандын Телеграф Агенттиги (ӨзТАГ) жазып чыкты.

Узбекнефтегаз» компаниясынын пресс кызматынын тараткан маалыматында: «Бухара мунайды кайра иштетүүчү заводу, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу, “Евро-4” жана “Евро-5” стандартындагы экологиялык таза жана сапаттуу дизелдик күйүүчү майын чыгарууну баштады. Дизель майынын мындай түрлөрү техникалардын кыймылдаткычынын иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, чыккан түтүндүн көлөмүн азайтат жана мотордун цилиндрлеринин иштөө мөөнөтүн узартат", - деп айтылат билдирүүдө.
Заводдун алгачкы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 100 миң тонна болмокчу.
Жаңы стандартагы дизелдик күйүүчү майды чыгаруу Франциялык “Axens” компаниясы менен биргеликте ишке ашырылган.

http://uztag.info/ru/news/v-uzbekistane-vpervye-nachali-proizvodit-ekologicheski-chistoe-dizelnoe-toplivo