14.04.20

Өзбекстандын Каржы министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги Дүйнөлүк банк (ДБ) менен биргеликте өлкөдө коронавирус (COVID-19) инфекциясын тез арада токтотуунун долбоорун сунушташты деп билдирет, Өзбекстан Республикасынын Каржы министрлигинин басма сөз кызматы.

Долбоорду ишке ашыруу үч этаптан турат. Биринчиси  улуттук саламаттыкты сактоо системасын бекемдөө. Тактап айтканда, облустук  жана райондук деңгээлдеги медициналык ыкчам аракет жасаган кызматкерлер (тез жардам) үчүн эң маанилүү жабдууларды, байланыш каражаттарын жана жеке коргонуучу шаймандарын сатып алуу пландаштырылууда. 15 даана лаборатория коронавирустун (COVID-19) илдетин аныктоочу тест системалары менен жабдылат. Бардыгы болуп 29,5 миллион доллар акча каражаты каралган.

Экинчи этабында, жеке адамдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө убактылуу акчалай жардам берүү жана 60 миңден ашык үй-бүлөлөргө  социалдык жактан жардам берүүнү ишке ашыруу болуп эсептелет. Бардыгы болуп 69,5 миллион доллар акча каражаты каралган.

Үчүнчү этабында, долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон административдик жана адам ресурстарын колдоо болуп эсептелет. Башкача айтканда, жогорудагы долбоорду ишке ашырууну башкарган кызматкерлердин айлык акысына кеткен чыгымдарды каржылоону камсыз кылат. Бардыгы болуп 1 миллион доллар акча каражаты каралган.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк (ДБ) 30 миллион доллар бөлүп берүүсү күтүлүүдө. Ал каражаттар, медициналык жабдуулар, жеке коргонуучу шаймандарын жана дары-дармектерди сатып алууга жумшалмакчы.

http://kabar.kg/news/v-uzbekistane-planiruetsia-privlech-100-mln-na-ekstrennye-mery-protiv-koronavirusa/