03.06.20

Өзбекстан “Volkswagen” маркасындагы автоунааларын өндүрө баштайт. Бул тууралуу, “Узавтосаноат” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми, өндүрүлгөн “Volkswagen Caddy” үлгүсүндөгү унааларды сатуу иштери 2020-жылдын июль айында  башталмакчы.

2020-жылдын  март айында «Узавтосаноат» жана «Volkswagen Group Rus» компаниялары, Өзбекстандын Жиззак эркин экономикалык аймагында, жеңил коммерциялык автоунааларды өндүрүү боюнча келишимге кол коюшкан болучу.

Автоунааларды өндүрүү «Джиззах автомобиль заводу» ачык акционердик коомунун (ААК) базасында уюштурулат. Заводдун кубаттуулугу жылына 20,000 даана автоунаа өндүрүүгө жөндөмдүү.

Буга чейин кабарлангандай, завод “Volkswagen Caddy” автоунааларын эки үлгүдө чыгарат. Алардын бири 7 адамга чейин салып жүрүүгө ыңгайлашкан жеңил унаа  жана жүк ташуучу унаалар болуп эсептелет.

Жогорудагы үлгүдөгү унаалар, коммерциялык максатта (жүк ташып жеткирүү) жана үй-бүлөлүк колдонуу үчүн арналган. Унаалар 110 аттын күчүнө барабар, бензин менен иштеген кыймылдаткыч менен жабдылат. Шаар ичинде күйүүчү майдын чыгымы 100 километр аралыкка 9,3 литр, ал эми даңгыр жолдо 100 километр аралыкка 6,1 литр күйүүчү май сарптайт.

«Узавтосаноат» компаниясы, учурда заводдун курулуш иштери  аяктоо алдында тургандыгын  билдирди.

http://uzdaily.uz/ru/post/52443