14.12.20

Өзбекстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу, Түркиянын туризм тармагында иш алып барышкан компанияларынын жетекчилеринин катышуусунда видеоконференция форматында көрүшмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу, “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Өзбекстанда коопсуз деп эсептелинген “Зиярат туризм” программасынын  презентациясы болуп өттү. Ошондой эле коронавирус пандемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүү боюнча  көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө, Өзбекстанга туристтерди тартуу боюнча иш-чараларды мындан ары  активдештирүү маселелери каралды. Учурдагы үзгүлтүксүз аба каттамдарына кошумча, дагы чартердик каттамдарды уюштуруу маселелери талкууланды.

Жыйынга катышкан компаниялардын өкүлдөрү, араб өлкөлөрүнүн туристтери менен иш алып барыша тургандыгын жана алардын кардарларынын негизги бөлүгү дагы ушул мамлекеттердин жарандары  экендигин белгилешти.

Ошол себептен, Түркиялык туризм компанияларынын өкүлдөрүнө, араб өлкөлөрүнөн келген туристтерди Стамбулдан Өзбекстанга зыярат турларын уюштуруу сунушталды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, көрүшмөгө катышкан туристтик компаниялардын өкүлдөрү, “зыярат туризм” алкагында Өзбекстанга туристтерди жиберүүгө өзгөчө кызыгуулары бар экендигин белгилешти. Ошондой эле буга байланышкан маселелерди кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта, Өзбекстанга барууга даяр экендиктерин билдиришти.

https://centralasia.media/news:1668358