18.01.21

Казакстан жана Өзбекстан эки өлкөнүн кооз жерлерине туристтер кыйынчылыксыз келүүсү үчүн бириккен (комбинированный) туристик турлардын программасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу, Өзбекстандын вице-премьер-министри Азиз Абдухакимов “Хабар-24” телепрограммасына билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан жана Казакстандын чек ара өткөрмө бекеттеринде реконструкциялоо иштери башталды, мындай чаралар туристтер үчүн чек арадан өтүү процедурасын кыскартат жана жөнөкөйлөтөт.

Азиз Абдухакимов: “Казакстан тарап өзүнүн “Жибек жолу” өткөрмө бекетинде, реконструкциялоо иштерин жасап жаткан учуру. Ал эми, Өзбекстанга тиешелүү чек ара өткөрмө бекетинде, реконструкциялоо иштери аягына чыгарылган. Калган эки өлкөнүн чек араларында жайгашкан өткөрмө бекеттеринде дагы  ушундай эле иштер жасалышы керек. Себеби, туристтик автобустар чек арадан минималдуу убакыт жана аз чыгымдары менен өтүшү үчүн шарттар түзүлүшү керек”, - деп билдирди.

Бириккен (комбинированный) туристик турларды жайылтуу үчүн чек арадан өтүү эрежелерин жөнөкөйлөтүү пландаштырылууда. Ага ылайык, эки мамлекетте тең коңшу өлкөнүн аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берген бирдиктүү виза режими киргизилмекчи.

Вице-премьер-министр Азиз Абдухакимовдун айтымында, мындай ыкма менен алгачкы каттамдардын бири, Казакстандын Түркстан аймагында жайгашкан “Арыстанбаб” күмбөзү, “Ахмед Ясави” күмбөзү, “Хаким ата” күмбөзү жана Өзбекстандагы “Занги ата” күмбөздөрүнө жасалышы мүмкүн.

Келечекте эки өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатуу үчүн жаңы транспорттук коридорлорду ачуу пландаштырылууда. Тактап айтканда, буга чейин Түркстан жана Ташкент шаарларын түз байланыштырган жаңы темир жолун куруу боюнча келишим түзүлгөн болучу.

http://kabar.kg/news/uzbekistan-i-kazakhstan-zapustiat-kombinirovannye-turisticheskie-tury/