02.02.21

2021-жылдын 2-февраль күнү, Афганистан жана Пакистандын өкмөттүк делегацияларынын Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында, “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолу долбоорун ишке ашыруу боюнча жогорку деңгээлдеги үч тараптуу жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү. Мындын тышкары, көрүшмөгө, эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү видео конференция форматында катышышты.

Жыйынга, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков, Афганистандын Тышкы иштер министри Ханиф Атмар, жана Пакистандын премьер-министринин  соода, текстиль өнөр жайы жана инвестициялар боюнча кеңешчиси Абдул Раззак Давуд мырза катышты.

Бул көрүшмө, 2020-жылдын 29-декабрь күнү Өзбекстан, Афганистан жана Пакистандын президенттеринин аталган маселе боюнча өткөргөн сүйлөшүүлөрүнүн логикалык уландысы болуп калды. Ал жыйындын соңунда мамлекет башчылары, “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолунун курулушу боюнча долбоорду колдоо боюнча, эл аралык каржы институттарына  биргелешкен кайрылуу жолдошкон болучу.

Борбордук Азия мамлекеттери жана Афганистан  эл аралык деңиз портторуна тикелей чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болуп келгендиги  белгилүү. Ошого  байланыштуу, аталган өлкөлөр товарларын эл аралык базарларга чыгарып сатууда, транспорттук-транзиттик чыгымдарды арбын коротушуп келишет.

Тагыраак айтканда, деңизге чыгууга эркин мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөргө салыштырмалуу чыгымдары 2-3 эсе жогору болот. Мындай көйгөй, коронавирус пандемиясы учурунда өзгөчө актуалдуу болуп, эл аралык жүк ташууларга олуттуу тоскоолдуктарды жараткан болучу.

Ушундай шарттарда “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолунун курулушу Борбор Азия, Түштүк Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы товар ташуунун убактысын жана чыгымдарын кыйла кыскартат.

Темир жолдун курулушу аягына чыгарылса, Пакистандын “Карачи”, “Касем” жана “Гвадар” деңиз портторуна түз чыгууну камсыз кылып, Түштүк Азия темир жол тутуму, Борбор Азия жана Евразия темир жол тутумдары менен байланыштырып, Борбордук Азиянын транзиттик потенциалынын кескин өсүшүнө шарт түзөт.

Анын жыйынтыгында, Борбордук Азиянын транзиттик потенциалын жогорулатып, Европа менен Азияны эң кыска кургак жолу менен байланыштырган көпүрө катары маанилүү аймакка айланмакчы.

Жолугушуунун жүрүшүндө сөз сүйлөгөн үч мамлекеттин делегацияларынын башчылары, бул долбоор боюнча бирдиктүү позицияларын билдиришти. Аталган долбоор улуттук экономиканын, аймактар аралык сооданын өсүшүнө түрткү берүүчү жана тарыхый соода-экономикалык мамилелерди жандандырууда  өзгөчө орду бар экенин белгилешти.

Көрүшмөнүн жыйынтыгында, үч мамлекеттин (Өзбекстан, Пакистан, Афганистан) делегацияларынын башчылары аймактын туруктуу экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле, “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолунун долбоорун ишке ашыруу үчүн биргелешкен “Жол картасына” кол коюшту.

http://www.uzdaily.com/ru/post/58745