22.04.21

Өзбекстан  2021-жылдын биринчи кварталында (январь-март), текстиль товарларынын экспорттун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,8 пайызга көбөйтүп, анын суммасы 637,7 миллион долларга жеткен.

Бул тууралуу, Өзбекстандын Текстиль өнөр жай ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди. Өткөн 2020-жылдын биринчи кварталында, Өзбекстан 462,8 миллион долларлык текстиль продукциясын экспорттогон болучу.

Үстүбүздөгү 2021-жылдын январь-март айларында, Өзбекстан 364 түрдөгү текстиль продукциясын экспорттогон. Эң популярдуу текстиль товарларынын катарына, пахта жиптери - 349,8 миллион долларга, трикотаж кездемелери жана кийүүгө даяр кийимдер - 147,5 миллион долларга, сайма менен кооздолгон кездемелер - 55,7 миллион долларга, пахтадан жасалган кездемелер - 28 миллион долларга, жибектен жасалган кездемелер жана жибек буюмдары - 11,5 миллион долларга, килемдер 8,5 миллион долларга экспорттолгон.

2021-жылдын биринчи кварталында, Өзбекстан дүйнөнүн 54 өлкөсүнө текстиль продукцияларын саткан. Өзбекстандан текстиль продуктуларын сатып алган өлкөлөргө Россия  ($ 209,4 миллион доллар), андан кийинки орунда Кытай (170,1 миллион доллар), Кыргызстан (84 миллион доллар), Түркия  (65,9 миллион доллар), Польша  (15,4 миллион доллар) жана Иран (11 миллион доллар) өлкөлөрү кирет.

https://www.aa.com.tr/ru/2216796