24.05.21

Россиялык “ГАЗ” автокомпаниясы Өзбекстанда автоунааларды чыгарууну көздөп жатат. Тиешелүү меморандумга Өзбекстандын Ташкент облусунун жетекчилиги жана аталган автокомпаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда кол коюлду. Бул тууралуу, “ГАЗ” автокомпаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар “ГАЗ” маркасындагы автоунааларын Өзбекстанда чыгаруу жана өлкөнүн автопарктарынын техникаларын жаңыртуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө ниеттенип жатканы белгиленди.

Меморандумга ылайык, автокомпания Өзбекстанда жеңил  жана орто жүк ташуучу “ГАЗ” маркасындагы унааларын, ошондой эле алардын керектүү запастык  шаймандарын чыгарууну пландаштырууда.

Ошондой эле, чакан жана орто бизнес үчүн турак-жай коммуналдык чарбаларда, социалдык жана медициналык мекемелерде, шаардык жана шаар четиндеги жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн ылайыкталган автоунааларын өндүрүү пландаштырылууда. Мындан тышкары, транспортторду башкаруу үчүн заманбап санарип онлайн системаларын иштеп чыгуу каралган.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын апрель айында “ГАЗ” автокомпаниясы  Өзбекстанга 20 медициналык автоунааны, анын ичинде мобилдик медициналык комплекстерин берген болучу.

 

https://www.nta-nn.ru/news/industry/news_636713/