30.09.21

Түркиялык “Coca-Cola İçecek” (CCI) компаниясы Өзбекстанга таандык “Coca-Cola Bottlers Uzbekistan” (CCBU) компаниясынын акцияларынын 57,1% пайызын сатып алды. Акцияларды сатуудан мамлекеттин казынасына 252,2 миллион доллар акча каражаты келип түшкөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган  келишимге 29-сентябрь күнү,  Ташкент шаарында кол коюлду. Эми Түркиялык компания “Coca-Cola Bottlers Uzbekistan” компаниясынын акцияларынын 57,118% пайызына ээлик кылат.

 “Coca-Cola İçecek CCI” компаниясы Түркия, Пакистан, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Иордания, Ирак, Тажикстан жана Өзбекстанда суусундук чыгарган  эл аралык компания болуп эсептелет.

“Coca-Cola İçecek CCI” компаниясында жалпысынан 10 миңге жакын адам иштейт жана 11 өлкөдө 29 фабрикасы бар, алар суусундуктардын кеңири ассортиментин 430 миллион адамга сунушташат. Продукциянын ассортиментине газдалган суусундуктардан тышкары ширелер, суу, спорттук жана энергетикалык суусундуктар, муздак чайлар кирет. “Coca-Cola Bottlers Uzbekistan” компаниясы Ташкент, Наманган жана Ургенч шаарларында газдалган суусундуктарды көп көлөмдө өндүрө алат   жана бир нече кампалары бар.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын аягында компаниянын таза пайдасы 205 миллиард сумду (19 миллион доллардан ашык) түзгөн.

https://centralasia.media/news:1733493