10.12.21

Өзбекстанда турак-жайга суроо-талап жогору болгон облустун жана шаардын борборлоруна жакын аймактарда  “Жаңы Өзбекстан” (“Янги Ўзбекистон”) аталышында 29 даана турак жай комплекстери курулмакчы. Президент тиешелүү жарлыкка ушул жылдын  9-декабрында кол койду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдирди.

Жарлыкка ылайык, облустун (шаардык) борборлорго жакын жана турак-жайга суроо-талап жогору болгон аймактарда 29 даана “Жаңы Өзбекстан” турак жай комплекстери курулмакчы.  Аталган аймактарда 619 турак-жай имараты (21 миң 321 батирлүү), 18 мектеп, 24 бала бакча жана 15 медициналык мекеме курулмакчы.

Ошондой эле, “Жаңы Өзбекстан” комплекстерин курууга рентабелдүүлүгү аз 489 гектар айыл чарба жери бөлүнүп берилмекчи.

Өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев 2-ноябрь күнү өткөргөн видеоконференцияда, Өзбекстандын бардык аймактарында “Жаңы Өзбекстан” комплекстерин куруу тууралуу айтып өткөн болучу. Анда, президент комплекстер курулгандан кийин 250 миңден ашык үй-бүлө турак-жай менен камсыз болоорун  убада кылган. Ал эми келерки жылы “Жаңы Өзбекстан” массивдерин курууга 15 триллион сум (14 миллиард долларга жакын) акча каражаты бөлүнмөкчү.

 

https://centralasia.media/news:1749985