20.12.21

2022-жылдын жаз айларынан тарта “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолу иштеп баштамакчы. Бул тууралуу, Өзбекстандын маалымат каражаттары билдирди. Маалыматка ылайык,  Пакистандын Исламабад шаарында Өзбекстандын Транспорт министри Илхом Махкамов Талибан өкмөтүнүн Тышкы иштер министри   Амир-хан Муттаки менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мындан тышкары, Илхом Махкамов Ташкентте темир жол курулушу үчүн афган адистерин окутуу иштери дагы каралып жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Өзбекстандык делегациянын курамында  келген атайын өкүл Исматулла Иргашев Амир-хан Муттакини расмий иш сапары менен Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.

Өзбекстандык адистердин айтымында, “Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу долбоорунун ишке ашуусу Борбор Азия, КМШ өлкөлөрүнө  жана Европага товар жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартмакчы. Исматулла Иргашев билдиргендей, долбоор толук ишке ашса, Пакистандан Өзбекстанга товар ташуу мурдагыдай 35 күн эмес 5 күнгө гана созулмакчы.  Мындан тышкары, көлөмү 20 футтук бир контейнерди ташуунун баасы дээрлик үч эсеге арзандамакчы. Муну менен катар, божомолдоолорго ылайык, аталган каттам аркылуу жүк ташуунун колөмү жылына 10 миллион тоннаны түзүүсү күтүлүүдө.

 

https://centralasia.media/news:1751579