23.12.21

Түркиялык “Aksa Enerji” компаниясы Ташкент облусунда кубаттуулугу 240 мегавольт (МВт) болгон комбинацияланган электр станциясын жана кубаттуулугу 230 мегавольт (МВт) болгон поршендик газ электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.

Аталган объектилерде курулуш-монтаждоо жана ишке киргизүү иштери жүрүүдө. 22-декабрда электр станциясынын ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшүнө биринчи чыңалуу берилди. Учурда курулуштун көмөкчү жабдуулары ишке киргизилүүдө. Жакынкы 7-8 күндө электростанция Өзбекстандын электр тармагына кошулуу менен катар электр энергиясын берип баштамакчы. Бул тууралуу, Өзбестандын энергетика министрлиги билдирди. Электростанция ишке киргизилсе жылына 3,9 миллиард киловатт-саат электр энергия өндүрүлмөкчү. Ошондой эле анын ишке киргизилиши менен жыл сайын өлкөдө 550 миллион кубометр жаратылыш газын үнөмдөлүүсү күтүлүүдө.

 https://centralasia.media/news:1752297