22.12.21

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Алмалык шаарына болгон иш сапарынын алкагында “Ёшлик-1” кенин иштетүү боюнча инвестициялык долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Инновация министрлиги маалымдады.

Аталган долбоордун баасы 5 миллиард доллардан ашат. Ошондой эле  кен  11 миң гектар жерде жайгашып, анда алтын, жез, күмүш, молибден, селен сыяктуу баалуу жана сейрек кездешүүчү металлдардын кору бар. Аларды кайра иштетүү үчүн комбинатта жезди кайра иштетүүчү завод курулууда. Демилге эки этапта ишке ашырылмакчы. Биринчи этаптын алкагында 2021-2025-жылдары 290 миң тонна катод жез, 38 тонна алтын жана 203 тонна күмүш өндүрүлмөкчү. Ал эми экинчи этаптын алкагында 2024-2028-жылдар аралыгында 400 миң тонна катод жез, 50 тонна алтын жана 270 тонна металл күмүш өндүрүү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, ушул жылдын июль айында Шавкат Мирзиёев Алмалык тоо-металлургия комбинатында жезди кайра иштетүүчү заводдун пайдубалына капсула салууга катышкан эле.

Долбоор “Газпромбанк” тарабынан өнүктүрүүгө жалпысынан 7 миллиард доллар акча каражаты бөлүнгөн. Жабдуулардын жана тетиктердин бир топ бөлүгүн өндүрүштүн алдыңкылары болгон Россиянын ишканалары камсыздамакчы. Ошондой эле, аталган заводго 1 миллиард долларга Россиядан станоктор жана агрегаттар сатылып алынары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Алмалык тоо-металлургиялык комбинаты  Өзбекстандагы бирден-бир жез өндүрүүчү комбинат. Анда өлкөдөгү күмүш өндүрүшүнүн 90% пайызы жана алтындын 20% пайызы өндүрүлөт.

https://centralasia.media/news:1752160