27.12.21

Өзбекстандын Кашкадария облусунда баасы 3,42 миллиард долларды түзгөн, синтетикалык суюк күйүүчү май өндүрүүчү “Uzbekistan GTL” заводу ишке кирди. Анын ачылыш аземине Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 25-декабрь күнү келип катышты.

Аталган заводдо жыл сайын жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашык импортту алмаштыруучу нефть  продуктылары менен катар углеводород сырьёсун өндүрүү пландаштырылууда. Аталган завод 2022-жылдын 1-мартынан тарта толук кандуу иштей баштамакчы.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, заводдун курулушуна 3,42 миллиард доллар акча каражаты коротулган. Ал эми ээлеген аянты 135 гектарды түзөт. Объекттин курулушуна 13 миңден ашык инженер-техник кызматкерлер жана жумушчулар тартылган.

Заводдо Япония, Түштүк Корея, Сингапур, АКШ, Германия, Италия, Улуу Британия, Россия жана Кытай сыяктуу 24 өлкөнүн 130га жакын алдыңкы ишканалары чыгарган 10 миңден ашык жабдуулар бар. Технологиялык жабдууларды колдонууга 140 эл аралык лицензия жана патент алынган.

Аталган заводдон жылына 3,6 миллиард куб метр жаратылыш газын кайра иштетүү жана ошондой эле 307 миң тонна авиакеросин, 724 миң тонна дизелдик отун, 437 миң тонна нафта, 53 миң тонна суюлтулган газ өндүрүү пландалууда. Ошондой эле, буйуртма көбүрөөк болгон продукцияны өндүрүүгө ыңгайлашуу менен катар беш түрдүү режимде иштеши күтүлүүдө.   

Муну менен катар, “Uzbekistan GTL” заводунда жыл сайын жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашык (12,8 триллион сумга) импортту алмаштыруучу нефть продуктыларын жана углеводород чийки затын өндүрүү пландаштырылууда.

Өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев жооптуу адамдарга геологиялык чалгындоо иштерин кеңейтүүнү жана жергиликтүү заводдун чийки зат базасын чыңдоону тапшырды.

Шавкат Мирзиёев: “Аталган тармакта биздин чоң пландарыбыз бар. Заводдун иштеши үчүн кепилденген сырьё керек. Эми биз элдин пайдасы үчүн өзүбүздө кайра иштетүүгө аракет кылып жатабыз. Алдыда мында өндүрүлгөн продукцияга суроо-талаптын өсүүсү гана болот.  Дүйнө “жашыл экономикага” өтүүдө. Мына ошондуктан биз жаңы геофизикалык жабдууларды колдонууга жана геологиялык изилдөөлөрдү тереңдетүүгө тийишпиз”, - деп билдирди.

“Uzbekistan GTL” заводунун автономдуу электр жабдуусу бар. 650 миллион киловатт-саат электр энергиясы өндүрүш процессинде пайда болгон ашыкча буудан алынат. Завод өзүн электр энергиясы менен камсыз кылуу менен катар “Шуртан” газ-химиялык комплексин жана дагы бир жаңы ишкананы электр энергиясы менен камсыздамакчы. Ал эми үнөмдөлгөн электр энергиясы менен үйлөрдү жана ишканаларды камсыздашы күтүлүүдө.

Өлкө башчысы заводдун айланасында спутник өндүрүшүн өнүктүрүү менен катар жумушчулар үчүн турак жай, спорттук жана маданий жайларды курууну тапшырды.

https://www.gazeta.uz/ru/2021/12/25/uzgtl/