27.12.21

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Uzbekistan GTL” заводунун ачылышына катышты. Аталган заводдо жыл сайын 3,6 миллиард кубометр жаратылыш газын кайра иштетүү менен катар 1 млрд доллар суммасындагы 1,5 миллион тонна суюк отун өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу “CentralAsia.news” кабар агенттигине өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

“Uzbekistan GTL” заводу жаратылыш газын баасы 3 эсе жогору болуу менен катар эл аралык рынокто  жогорку суроо-талапка ээ болгон даяр продукцияга айландырмакчы. Аталган заводдо  авиациялык керосин башка заводдордун товарларына салыштырганда алда канча таза жана сапаты жогору болуу менен катар заманбап учактар ​​үчүн ыңгайлашкан.

Эл аралык энергетика агенттигинин анализи боюнча, 2030-жылга чейин дүйнөдө GTL продукциясын өндүрүү эки эсеге көбөйүүсү күтүлүүдө. Заводдун негизинде 620 миллион доллар суммасындагы 6 долбоор ишке ашырылмакчы. Атап айтканда, химиялык өнөр жайда кеңири колдонулган алкил-бензол, бутен жана гексен, синтетикалык майлар, малеин ангидриди, эмульсиялык кошулмалар, катализаторлор жана ошондой эле эмеректер, курулуш материалдары, текстиль жана булгаары өнөр жайы. “Uzbekistan GTL” заводунун ишке кириши менен 1300 адис туруктуу жогорку маяналуу жумуш менен камсыз болмокчу.

https://centralasia.news/12985-v-uzbekistane-otkrylsja-novyj-neftehimicheskij-zavod-uzbekistan-gtl.html