05.01.22

2021-жылдын 31-декабрында Өзбекстандын Бухара облусунда 270 (МВт) газ поршендик ЖЭБдин биринчи энергоблогу ишке киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын энергетика министрлиги маалымдады.

Аталган ЖЭБ Түркиялык “Aksa Enerji” компаниясы тарабынан курулган жана Бухара облусунда биринчи болуп жылына 2,2 миллиард кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө ылайыкташкан.

Долбоордун негизинде энергияны үнөмдөөчү жабдуулардын эсебинен жылына 260 миллион кубометр жаратылыш газы үнөмдөлмөкчү. Ал эми үнөмдөлгөн жаратылыш газы кошумча 900 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 450 миң үйдү (бул кошумча 900 миллион кВт саат электр энергиясынын жардамы менен) электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзмөкчү.

Учурда станцияны Өзбекстандын бирдиктүү энергетикалык системасына кошуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле, бирдиктүү электр тармагына кошуу иштерин эки-үч күндө бүтүрүү пландалууда.

https://www.gazeta.uz/ru/2022/01/05/aksa-enerji/