01.17. 22

Ташкент шаарында Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгында айыл чарба, электротехника, химия өнөр жайы жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарында бир катар инвестициялык жана экспорттук келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин  маалымат кызматы билдирди.

Түркмөнстандын делегациясын вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын делегациясын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жетектеди.

Иш-чарага ошондой эле эки өлкөнүн негизги министрликтеринин, ведомстволорунун, тармактык ассоциацияларынын жана соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышты.

Тараптар өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чараларга өзгөчө көңүл бурушту жана эки мамлекеттин аймактарында жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жаңы сунуштарды иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле аймактар ​​аралык кызматташтыктын потенциалын илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар Өзбекстан менен Түркмөнстандын региондорунун быйылкы биринчи форумуна даярдык көрүү чараларын талкуулашты.

Мындан тышкары, суу чарба, транспорт, жалпы транспорттук коридорлор тармагын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, маданият жана туризм чөйрөлөрүндөгү бир катар маселелер олуттуу түрдө каралды.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык тамак-аш сапатынын стандарттарын киргизүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Иш-чаранын соңунда, Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы көп тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган кызматташуунун бардык каралып жаткан багыттары боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Эскерте кетсек, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Өзбекстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында өлкөлөр унааларды, электр жабдууларын, курулуш материалдарын чогултуу жана туризм тармагында кластерлерди түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашканын билдирген. Ошондой эле чек арада соода аймагын түзүү дагы пландалган болучу.

https://turkmenportal.com/blog/43401/turkmenistan-i-uzbekistan-podpisali-ryad-investicionnyh-i-eksportnyh-soglashenii