01.18.22.

Өзбекстанда заманбап технологиялардын жардамы менен учкучсуз учуучу аппараттар чыгарыла баштады. Бул тууралуу, Өзбекстандын Коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, комитеттин алдында учкучсуз учуучу системалар боюнча илимий-өндүрүштүк борбор түзүлгөн. Аталган борбор эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга толук жооп берген “Лочин” учкучсуз учуучу аппараттарын чыгарууну баштады.

Бул учкучсуз учуучу аппарат көп максаттуу багытта колдонулат. Алар, атап айтканда, чалгындоо, сокку уруу, реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү, маалымат алуу, артиллериялык аткылоо процесстерин башкаруу, ошондой эле картага түшүрүү, топографиялык изилдөө, өсүмдүктөрдү дефолиациялоо, коруктарга, жолдорго, социалдык инфраструктурага жана башка маанилүү объекттерге мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле нефть-газ, токой, темир жол, геология тармактарында дагы пайдаланылмакчы. Эки башка максатта иштелип чыккан бул долбоор, Борбор Азияда чөлкөмүндө биринчи жолу Өзбекстанда өздөштүрүлүп, ишке киргизилди.

https://kabar.kg/news/v-uzbekistane-nachali-proizvodstvo-bespilotnikov/