01.21.22

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин 20-январь күнү жарыяланган отчетуна ылайык, 2021-жылы Түркмөнстандын Өзбекстанга болгон экспорту 690,6 миллион доллардан ашты, бул 2020-жылга салыштырмалуу 59,7% пайызга көп.

2020-жылы Түркмөнстан Өзбекстанга 412,1 миллион долларлык продукция экспорттогон болучу. Өзбекстан менен Түркмөнстандын ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 881,9 миллион долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 61% пайызга көп болду. Учурда Түркмөнстан Өзбекстандын жетинчи ири соода өнөктөшү болуп саналат.

Түркмөнстандын Өзбекстандан импорту былтыр 191,3 миллион долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 65,9% пайызга арбын болду. Өзбекстандын Статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы өлкөнүн жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 42,1 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 5,8 миллиард долларга же 16% пайызга көпттүк кылат.

Өзбекстандын 2021-жылдагы соода көлөмү боюнча башкы негизги өнөктөштөрү Россия (7,5 миллиард  доллар), Кытай (7,4 миллиарддан доллардан ашык), Казакстан (3,9 миллиард доллардан ашык), Түркия (3,4 миллиарддан доллардан ашык), Түштүк Корея (1,9 миллиард долларга жакын), Кыргызстан (952,6 миллион доллар), Германия (762,7 миллион доллар), Украина (704 миллион доллар) жана Афганистан (655,6 миллион доллар).

2020-жылы Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 538,2 миллион  долларды түзгөн.

https://business.com.tm/ru/post/8143/turkmenskii-eksport-v-uzbekistan-uvelichilsya-pochti-na-60